• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. 2021-2022-окуу жылына карата "Түркиянын стипендиясы" 2021 программасынын алкагында Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

"Түркиянын стипендиясы" 2021 стипендиялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу:

  • Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин;
  • Өтүнмөлөр билим берүүнүн бардык академиялык деңгээлдерине кабыл алынат (бакалавриат, магистратура жана докторантура);
  • Программага катышуу үчүн талапкерлер www.turkiyeburslari.gov.tr сайтында өтүнмөнүн электрондук формасын толтуруп жана системага керектүү документтерди жүктөөсү керек;
  • Жеке өзү берген же почта боюнча жөнөтүлгөн өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт. Өтүнмө берүү үчүн акы алынбайт.

"Маалымат үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине 0312 627312 байланыш телефон акрылуу кайрылыңыз",- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий