• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 129 адамдан COVID-19 табылып, 1 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 129 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 54 адамдан, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 20, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда - 4 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 69, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 43, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 382 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 799 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 9 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 50 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 986 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 866 киши айыгып чыкса, 1 миң 382 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий