• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 18,4 миң адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 18 миң 459 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 103 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 356 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 641 миң 102 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 369 миң 633 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий