• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Түркмөн бийлиги мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санын кыскартат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 2018-жылы январда Лебап облусу боюнча полициянын 1000ге жакын штаты кыскарат. Мындан тышкары пенсияга чыгып иштеп жүргөндөр дагы жумуштан боштулат.

Өз булактар билдиргендей, ИИМдин кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү толугу менен жоюлушу ыктымал.

Буга чейин “Түркмөнстан хроникасы” жаңы жылдан тарта мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде мунайгаз тармагындагы кызматкерлердин 30% кыскарарын кабарлаган.

Басылманын маалыматы боюнча мектептерде гана штат бирдиги мурдагы бойдон калат. Бирок директорлорго пенсия курагына келгендерди иштен бошотуу тапшырмасы берилген.

Ноябрда суу чарба жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин штаты бираз кыскарганы кабарланган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий