• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын аскердик парад менен белгиледи

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.09.21./Кабар/. Түркмөнстан кечээ, 27-сентябрда Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик телеканалдар 27-сентябрда Ашхабадда аскердик парад өтүп, ага президент Гурбангулы Бердымухамедов жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер катышканын кабарлашты.

Парадда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамы өтүп, аскердик техникалар көрсөтүлдү. Андан соң Ашхабадда искусство жана маданият ишмерлеринин катышуусунда концерт өттү. Майрамдык иш-чаралар 28-сентябрда аскер кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземи менен аяктайт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий