• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстан президентинин уулу жаңы кызматка дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 04.01.18 /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду Ахал облусунун башчысынын орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу 2-январда өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Бир жыл мурда өлкө башчысы өзүнүн жалгыз уулун тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындаган. Ахал облусу Иран жана Ооганстан менен чектешет. Борбору Анеу шаары баш калаа Ашхабаддан болгону сегиз чакырым жерде жайгашкан.

Ошону менен катар Сердар Бердымухаммедов парламенттеги депуттаттык ордун да сактап калат. Ал 2016-жылдагы шайлоодо депутат болгон.

Айрым байкоочулар Бердымухаммедов уулун мураскерликке даярдап жатканын айтып жүрүшөт.

61 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстанда бийлик башына 2006-жылы келген. Анын бир уулу жана үч кызы бар.

Пикир

Оставить комментарий