• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Өзбекстан менен Түркмөнстан 2019-2020-жылдары электр кубатын импорттоо жөнүндө келишимге кол коюшту.

Суук түшкөндөн бери Өзбекстандын бир катар облустарында жана Ташкент шаарында электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Өткөн аптада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов калкты жана социалдык объектилерди газ жана электр кубаты менен толук камсыздай албай жатканы үчүн тиешелүү мекемелерди сынга алган.

– 27-ноябрда бир суткада 110 кВ чыңалуудагы144 электр линиясында 300 жолу чектөө киргизилген. Чектөө бир жарым сааттан беш саатка чейин созулган,– деген Арипов.

Мындан тышкары электр кубаты мыйзамсыз пайдаланылган 31,5 миң учур аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 22 миллиард сум зыян келтирилгени айтылууда.

Өзбекстандын Энергетика министри 28-ноябрда калкка кайрылып, күтүүсүз кырдаалдын алдын алуу үчүн электр кубатын үндөмдүү пайдаланууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий