• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөн бийлиги чет өлкөдө окуган студенттерин аскерге чакырууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Ашхабад аскердик комиссариатынын кызматкерлери ата-энелерден чет өлкөдө окуган балдарын жоокердик милдетин өтөө үчүн өлкөгө кайтарууну талап кылышууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, март айында шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлери чет өлкөдө окуган студенттердин ата-энелерине чалып, балдарын токтоосуз түрдө Түркмөнстанга кайтарууну талап кылышты.

Түркмөнстанда аскерге кабыл алуу жылына эки жолу – май жана ноябрь айларында болот. Жоокердик милдетин өтөө мөөнөтү – эки жыл.

Жогорку окуу жайларында, анын ичинде чет өлкөдө окугандар аскерге чакыруудан убактылуу бошотулган жарандардын катарына киришет.

Пикир

Оставить комментарий