• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда камактагы Карим Масимовдун тууганына издөө жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Казакстанда Павлодар облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Нурлан Масимовго каршы тергөө иштери башталды. Бул тууралуу 22-апрелде өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Масимов "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деп шектелүүдө.

"Тергөө соту анын бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин кабыл алды. Масимовго издөө жарыяланып, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо боюнча иштер башталды", — деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Нурлан Масимов Павлодар облустук полиция департаментинин башчысы кызматына 2019-жылы ноябрда дайындалган. Быйыл январдын ортосунда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов "мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен камакка алынганы кабарлангандан кийин Нурлан Масимов иштен бошотулган.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Нурлан Масимов менен Карим Масимов аталаш тууган.

56 жаштагы Карим Масимов Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий