• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди пахта теримге жөнөтүү уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди жапырт түрдө пахта теримге жөнөтүү уланып, план толтурбагандар 15 суткага камалууда. Бул тууралуу "centralasian.org" кабарлайт.

Маалыматтарга караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Мары облусунда дарыгерлерди жана мугалимдерди азыркыга чейин пахта теримге жөнөтүшүүдө. Алар талаадагы пахтанын калдыктарын чогултушууда. План толтурбагандарды 15 күнгө чейин камап жатышканы айтылууда.

9-ноябрда Түркмөнстан өкмөтү 1 миллион 50 миң тонна пахта чогулуп, план толгонун кабарлаган.

Марыдан тышкары Дашогуз, Лебап облустарынын айрым аймактарында да мамлекеттик кызматкерлер ак була чогултушууда.

Түркмөнстанда пахта терим августтун аягында башталган.

Пикир

Оставить комментарий