• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда суу чарба жана мунайгаз тармагындагы жумушчулар кыскартылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Түркмөнстанда суу чарба жана мунайгаз тармагында иштеген жумушчулардын штаты кескин кыскартылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда өлкөнүн Айыл жана суу чарба министрлиги аймактык суу чарба башкармалыктарына штаттарды кескин кыстартуу буйругун берген. Алсак, Мары облусунун суу чарба башкармалыгы алган буйрукта жыл соңуна чейин жумушчуларынын 50 пайызы кыскартылышы керектиги айтылган.

Ошондой эле өлкөнүн мунайгаз тармагындагы жумушчулардын дагы саны кыскартылып жаткандыгы кабарланууда.

Жергиликтүү серепчи Аманмырат Бугаевдин айтымында, ноябрдын башында «Гамышлыжанебит» жана «Гумдагнебит» ишканаларынын кызматкерлеринин үчтөн бири 1-январдан тарта жумуш орундары кыскартыла тургандыгы жөнүндө кабардар экендиктери жазылган документке кол коюп беришкен.

Ири ишкана жетекчилери суроо-талапка ээ жумушчуларынын бир бөлүгү жок дегенде жумуштан айдалбай, Балкан облусуна иштөөгө жөнөтүлөт деп үмүттөнүшүүдө. Мамлекеттик «Түркмөнгаз» жана «Түркмөнмунай» ишканалары аталган аймакта жайгашкан мунай менен газды кайра иштетүү компанияларына башка аймактардан барып нөөмөт менен иштей турган жумушчуларга жатакана жана жумуш орундарын даярдоо тапшырмасын беришти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий