• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда университет проректору $16 миң пара үчүн 8 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.17 /Кабар/. Дүйшөнбүнүн Фирдавси райондук соту Тажик мамлекеттик медициналык университетинин окуу бөлүмү боюнча проректору Дилшод Солеховду 8 жылга эркинен ажыратты. Ал ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда. Солеховдун туугандары соттун чечими боюнча сөзсүз жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Дилшод Солехов 16 миң долларга абитуриенттердин бирин Индиянын жараны катары каттатууну убадалаган. Чет өлкөлүк абитуриенттер президенттин алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун тапшыруу сынактарынан өтпөйт. Проректор кармалып, ага каршы кылмыш иши козголгон.

«Бул Тажикстанда жана чет өлкөлөрдө белгилүү окумуштууну көрө албагандардын ушагы. Биз бул боюнча сөзсүз жогорку баскычтагы сотко даттанабыз», - деп билдирди соттолгон проректордун туугандарынын бири Шоди Сафаров. Анын айтымында, сот Дилшод Солеховдун кара санатайлардын курмандыгы болгондугу тууралуу адвокаттардын жүйөлөрүн эске алган жок.

Абуали ибн Сино атындагы Тажик мамлекеттик медициналык университети ондогон жылдардан бери өлкөдө медициналык кадрларды даярдап келген ири окуу жай болуп эсептелет. Учурда анда 600дөн ашык чет өлкөлүк студенттер билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий