• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда жапырт түрдө газ эсептегичтери орнотулууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Ашхабадда жергиликтүү бийлик калк үчүн жапырт түрдө газ эсептегичтерин орнотууда. Газ эсептегичтеринин баасы жана орнотуу акысы орто эсеп менен 22% кымбаттады.

– Эртең менен газ башкармалыгынын кызматкерлерлери батирлерди кыдырып жүргөнүн көрүп, эсептегичтердин баасына кызыгып, сурап калдым, алар 212 манат (60 доллардан ашык) экенин айтышты. Бир саат өтпөй алар менин үйүмө келип, эсептегичтин баасы 260 манат экенин билдиришти,- деп кабарлайт centralasian.org.

Анын айтымында, бир нече күн мурун коңшулары газ эсептегичи үчүн 212 манат төлөшкөн.

2019-жылдын башынан тарта газ үчүн төлөм алынары айтылган, бирок тарифтер тууралуу так маалыматтар жок. Өкмөт газ, суу жана электр кубатын бекер колдонуу боюнча чечимди жокко чыгаргандан бери эсептөөчү шаймандарды орнотуу чаралары күчөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий