• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 464 учур катталды. Жалпы 11 723

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 11 миң 723 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 464 учур катталган. Ал эми 281 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 10-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдайт.

Учурда өлкөдө 11 миң 259 адам илдет жуктурса, анын 7 миң 287си айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 52 бейтап каза болду. 4 миң 384 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 42синин абалы оор болсо, онунун абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий