• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстандын парламенти эки палаталуу болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бир нече документти парламенттин кароосуна алып чыгып, депутаттар аларды бир добуштан колдоп беришти. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Мамлекет башчы парламенттин кароосуна алып чыккан токтом долбоорлорунун арасында «Түркмөнстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын долбоорун жактыруу тууралуу», ошондой эле «Түркмөнстандын 2021-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын жактыруу тууралуу» документтер бар. Президент бул токтом долбоорлоруна парламент жактыргандан кийин дароо кол койду.

«Түркмөнстандын Конституциясын жакшыртуу боюнча өтө чоң жумуш аткарылды. Бул ишке катышкан калктын бардык катмарындагы өкүлдөргө, алардын ичинде бүгүнкү жыйындын активдүү катышуучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем», — деди Бердымухамедов.

Түркмөнстанда Конституциянын жаңы редакциясы 2021-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

Түркмөнстанда Конституцияны өзгөртүү жараяны былтыр күзүндө башталган. 2019-жылы 25-сентябрда парламент жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык комиссия түзүлгөнү кабарланган. Президент сунуштаган конституциялык реформа эки палаталуу парламент түзүү үчүн жүргүзүлгөн.

Түркмөнстандын 1992-жылы кабыл алынган конституциясы буга чейин алты жолу (1995-1999-2003-2006-2008-2016-жылдары) өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий