• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТҮРКСОЙ баш катчысына “Руханият” сыйлыгы ыйгарылды

Маданият 0

Бишкек, 05.03.18 /Кабар/. Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш эл аралык “Руханият” ассоциациясынын “Руханият” сыйлыгы ТҮРКСОЙ баш катчысы, Казакстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Дүйсен Касеиновго чоң салтанат менен тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

Кожогелди Култегиндин айтуусунда, “Руханият” эл аралык сыйлыгынТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгынын урматына Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында берилген Түрк дүйнөсүнүн өнөрпоздорунун “Бар байлыгым – досторум” аттуу чоң программадагы концертинин соңунда “Руханият” ассоциациясынын уюштуруу кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик Миталип Мамытов таршырды жана уникалдуу концертке ыраазы болгон элдинайрыкча сүрөгөн кол чабуулары менен коштолду.

Д.К.Касеиновго “Руханият” эл аралык сыйлыгы Түрк дүйнөсүнүн ынтымак-ырашкерлигин, биримдигин камсыз кылгандыгы, Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүн жаңы чектерге алып чыккандыгы жана Кыргызстанга байланыштуу көптөгөн көөнөргүс иш-чараларды уюштургандыгы үчүн ыйгарылган.

ТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгынын урматына уюштурулган концертти Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Чолпон Султанбекова мененТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов куттук сөз сүйлөө менен ачты жана 25 жылдыкка пландалган көптөгөн иш-чаралардын биринчиси Кыргызстандан башталып жаткандыгын Кыргызстан, ТҮРКСОЙ ишмердүүлүгүнүн тыкыстыгы менен байланыштырышты.

“Бар байлыгым – досторум” концертине Кыргызстандын, Түркиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Москванын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Башкортостандын атактуу таланттары катышуу менен, Дж. Вердинин “Аида”, А.Сайгюндун “Көр уулу” операларынан, Г.Венявскийдин “Полонез ре-мажор”, С.А.Бахтын “Эки скрипка үчүн концерт” чыгармаларынан баштап, Азербайжан эл ыры “Сары келин”, кыргыздын “Маш ботой” күүлөрүнө чейин аткарылды.

Ал эми “Руханият” эл аралык сыйлыгы буга чейин Нурсултан Назарбаев, Тансу Чиллер, Владимир Путин сыяктуу ондогон саясий коомдук ишмерлерге жана Чыңгыз Айтматов, Мухтар Шаханов, Бексултан Жакиев сыяктуу көптөгөн чыгармачыл адамдарга тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий