• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Куттуктоо текстинде төмөнкүдөй деп айтылат:

"Урматтуу Садыр Нургожо уулу!

Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ Башкы катчылыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда улуу жеңишке жетишкендигиңиз менен чын ыкласымдан куттуктаймын!

Болуп көрбөгөндөй курч саясий кырдаалда жана зор атаандаштыкта өткөн кезексиз шайлоодо Кыргызстандын калкынын өзгөчө колдоосуна ээ болгондугуңуз сиздин кадыр-баркыңыздын зор экендигин тастыктап турат. Ошондой эле карапайым калктын ишенимине сизчелик ээ болгон жана алардын үмүт отун өзгөчө жандырган окуя соңку жылдары боло электигин баса белгилемекчимин.

Демократияны туу туткан Кыргыз Республикасын экономикалык кыйынчылыктардан арылткан, ургаалдуу өсүп-өнүгүүгө жол ачкан жана жеткирген ак жолтой президент болушуңузду чын жүрөгүмдөн каалаймын! Ал үчүн жеке өзүңүздө жана үй-бүлөңүздө аманчылык менен бакубатчылык, өлкөңүздө тынчтык менен стабилдүүлүк болсун!

ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүндө аткарар иштери арбын. Анын бир кыйласы Кыргызстан менен түздөн-түз байланышкан. Сиздин дооруңузда дагы карым-катнаш салтыбыз байма-бай уланарына, ТҮРКСОЙдун эл аралык иш-чараларын, долбоорлорун жигердүү колдоп турарыңызга ишенимибиз чоң.

Жылдызыңыз тарых бийиктигинен жансын!".

Пикир

Оставить комментарий