• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк аймакта обсервацияга дагы кошумча 700 орундук уюштурулду – Чолпонбаев

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/.Республиканын түштүк аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу дагы кошумча 700 орундук уюштурулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаӊы орундар “Ош” эл аралык аэропортунда ачылууда. «Бирок, адамдардын келүүсү кыйла азайгандыктан, аба майданындагы обсервация ресурстарынын болгону 50%ы пайдаланылып жатат”,- деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий