• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас мэри шаардагы стадиондун реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев Э.Кутманалиев атындагы стадиондун реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда калаа башчы жумушчу топтун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндөгү жоопкерчиликтүү ишин белгилеп, жасалып жаткан иштердин сапатына маани берүү зарылдыгын билдирди.

Белгиленгендей, оңдоп-түзөө иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 15 млн сом, президенттин фондунан 10 млн сом бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө стадиондун трибунасындагы тепкичтер заманбап талаптарга келтирилип, отургучтары толугу менен алмаштырылууда. Буга кошумча стадиондун чуркоочу аянтына резина плиткалар төшөлүүдө.

Белгилей кетсек, Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден бери утурумдук гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келген.

Пикир

Оставить комментарий