• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облустук милициясына эки кызматтык автоунаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгына Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан 2016-жылы чыккан Toyota Camry үлгүсүндөгү эки автоунаа тапшырылды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 2022-жылдын аягында аталган компания Талас ОИИБдин техникалык базасын чыңдоо максатында колдоо көрсөтүп, бүгүнкү күнү каттоочу иш кагаздары даярдалып, салтанаттуу түрдө унааларды тапшыруу аземи өттү.

Унааларды тапшыруу аземине башкармалыктын жетекчилери, "Алтын Альянс" компаниясынын өкүлдөрү, ИИОнун ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

Облустук милициянын начальниги Азамат Токтоналиев сөз сүйлөп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүнө жеңилдик кылып, көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Жаңы унаалар элдин коопсуздугун сактоого, ыкчам аракеттенүүгө пайдалуу кызмат кылаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы Талас облустук ички иштер органдарынын буга чейинки дагы көптөгөн долбоорлорун каржылап, материалдык техникалык базасын жана имараттарды жакшыртуу багытында колдоп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий