• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арабаев атындагы университетте Венгр тили жана маданияты борбору ачылат

Билим 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Венгр (мажар) тили жана маданияты борбору ачылат. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кароли Эстерхази атындагы университеттин ректору Илона Тари менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимде белгиленгендей, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында Венгр тили жана маданияты борбору ачылат.

"Ректор Илона Пайток Тари 2023-жылдын май айында Бишкекке келип, аталган борборду ачып бермекчи. Ошондой эле, ал аталган борбор үчүн китептерди белек кылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, эки университет ортосунда академиялык мобилдүүлүк, PhD багыты, маданият жана спорт тармагы боюнча кызматташуу жүргүзүлөт.

Кызматташуу аркылуу эки өлкөнүн тарыхы, маданияты, улуттук кийимдери, тамак-аштары жана салттарынын жакындыгына негизделген достук мамилесин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк жаралат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарында 13-февралдан тартып Кыргызстан жана Венгриядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форуму өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий