• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн билим берүү кызматкерлери сыйланды

Билим 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин Баткен шаарында өткөн алгачкы көчмө жыйынында министр Алмазбек Бейшеналиев ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн Баткен облусунун 25 билим берүү кызматкерине төш белги жана ардак грамоталарды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Мындан сырткары, министр айрым мектептерге беш даанадан компьютер белекке берди.

Ал эми жыйындын соңку суроо-жооп форматындагы бөлүгүндө жарандар өз кайрылууларын, чечилбей келген көйгөйлөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий