• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Талас облусунун аймагында 16 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 16 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу аталган объектилердин курулушунун сапатын жеринде текшерүүдө.

Билим берүү объектилеринин курулуш сапатын жана алардын долбоорлорго шайкештигин инспекциялоодо Талас облусунун Талас районунун Ак-Сай айылындагы Жанузаков атындагы 192 окуучу орундуу мектебинде курулуш учурунда дубал куруу боюнча кемчиликтер табылып, дубал буздурулду.

Иманакун уулу Мамкурулуштун Талас облусу боюнча аймактык капиталдык курулуш башкармалыктарынын жетекчилерине бардык жүрүп жаткан курулуштардын сапатын контролдоо жанан алдын ала тийиштүү чараларды көрүү боюнча катуу талаптарды койду.

Пикир

Оставить комментарий