• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта 19 жаштагы бала асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүндө 19 жаштагы бала кайырмак жибине асынып алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, маркумдун сөөгүн жолдон өтүп бара жаткан адам таап, "102" кызматына кабарлаган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Баланын денесинде күч колдонгон издер болгон.

"Ата-энеси эч кандай доосу жок экендигин билдиришти. Ал техникумда билим алып, кошумча кафеде официант болуп иштер жүргөн", - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий