• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Таласта изделип жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Таласта изделип жаткан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан мурда Таласта телефону суунун жээгинен табылган өспүрүм изделип жатканы маалым болгон.

Билдирүүгө ылайык, 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 15 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону токойдон өткөн Талас суусунун жээгинде табылган.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, натыйжасында аталган өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Пикир

Оставить комментарий