• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды

Аймак 0


Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Таласта WhatsApp аркылуу "коронавирус жуктуруп алган Түркиянын жарандары ооруканага жаткырылды" деген жалган маалыматты тараткан эки аял кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейин тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган аялдар туура эмес маалыматты тараткандыгы үчүн кечирим сурашкан. Алардын бири 36 жаштагы Бала-Саруу айылынын тургуну болсо, экинчиси – Талас шаарынын 45 тургуну.

"Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин эки аял тең үйлөрүнө кое берилди. Жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий