• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта коронавирус жуккандар менен байланышта болгон 212 адамдан анализ алынды - Мураталиев

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда коронавирус жуккандар менен байланышта болгон 212 адамдан анализ алынып, жыйынтыгы таза чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-июнда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген дарыгерде коронавирус табылган.

"Ал буга чейин мобилдик топто иштеп келген. 15-31-майга чейин иштеп, 7-июнга чейин өргүүгө (ооругандыгы үчүн) чыккан. Жумушка 7-июнда чыкканда дене табы көтөрүлүп, оорунун белгилери байкала баштаган. Анализ тапшырганда коронавирус бар экендиги тастыкталган. Алгоритмге ылайык, ал адамдын байланыш жактары аныкталган. Кийин илдет анын жолдошу жана жолдошунун жакын досунда да катталган. Алар жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Үч жаран менен байланышта болгон 212 адамдан ПЧР тестти алынган. Жыйынтыгы таза чыкты", - дейт ал.

Мураталиев кошумчалагандай, облуста обсервациядан 978, карантинден 8 миң 9 жаран чыгарылган. Жалпы жарандардан 8 миң 325 ПЧР тест, 17 миң 92 экспресс-тест алынган.

Эске сала кетсек, күн мурун Талас облусунда коронавирус жуккан алгачкы учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий