• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта сел жүрүп, картошка аянтын суу каптаган

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Таласта сел жүрүп, картошка аянтын суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-май күнү саат 17:45 чамасында Талас облусунун Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Ой айылынын түштүк тарабында жайгашкан Таш-Дөбө тикесинде сел жүрүп, картошка айдалган 50 сотых жерди суу каптаган.

26-май күнү тартылган ыкчам топ, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 27-май күнү тактоо иш-чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий