• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Аймак 0

Талас, 16.09.19. /Кабар/. Талас облусунда бүгүн, 16-сентябрда биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча - «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Р. Алканов атындагы ат майданда бүгүн саат 16:00дө көк бөрү боюнча мелдеш башталып, анда Ош жана Нарын облусунун командалары беттешет. Көк бөрү боюнча жалпысынан 9 команда оюн көргөзөт: 7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары.

Белгилүү болгондой, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын күз айында Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Анда оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн. Спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага 74 өлкөнүн 2 миңден ашык спортчусу катышкан. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Ал эми улуттук көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ар бир облусунда жыл сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий