• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таластын төө буурчагы Германияга экспорттолушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. 24-октябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев германиялык Doppelpack Handels GmbH компаниясынын башкы менеджери Эднан Ыйлар менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, аталган компания коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, ресторандар жана чекене сатуучуларга тамак-аш азыктарынын кеңири ассортиментин сатууга адистешкен.

Жолугушууда элчи Текебаев германиялык ишкер менен Кыргызстандын ВСП+ макамын эске алып, Германияга Кыргызстандын тамак-аш азыктарын, кургатылган жемиштерди, консерваланган азыктарды, төө буурчактарды ташып келүү, ошондой эле Европа Биримдигинин стандарттарына ылайык сертификациялоо маселелерин талкуулады.

Ишкер Эднан Ыйлар аталган компаниянын логистикалык борборлорун жана гипермаркеттерин пайдаланып, Кыргызстандын товарларын Германияга алып келүү маселеси боюнча кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын товарларынын Германия жана Европалык Биримдиктин рынокторуна чыгуусуна шарт түзүү максатында кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий