• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бакуда “Кыргызстан азербайжан сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 24-октябрда Баку шаарында "Кыргызстан азербайжан сүрөтчүлөрүнүн көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүрөт көргөзмөсү Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги жана Азербайжандын Сүрөтчүлөр союзунун атынан Элнура Исгендерова тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөгө Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Казакстан, Түркмөнстан, Беларусь, Япония, Венгрия мамлекеттеринин элчилери, ТүркПАнын баш катчысынын орун басары, Азербайжан маданиятынын өкүлдөрү, артисттер, ырчылар, жазуучулар, искусство окуу жайларынын студенттери, ошондой эле Баку шаарынын тургундары катышты.

Көргөзмөгө профессионал сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле Азербайжандын Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы чыгармачылык ийримдерге тартылган таланттуу балдардын 122 эмгеги коюлган. Эмгектер көргөзмөгө келгендер тарабынан жогору бааланып, Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин дипломдору, эстелик сувенирлери менен сыйланышты.

Сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде кыргыз элинин маданияты, каада-салты чагылдырылган, жазуучуларыбыздын чыгармаларынын сюжеттери, пейзаждарда кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугу, портреттерде улуттук кийимдердин өзгөчөлүктөрү орнаменттери чагылдырылган.

Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев бул иш-чара эки дос өлкөнүн маданиятынын жакындашына жана элдерибиздин ортосундагы достуктун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болору шексиз деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий