• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тамак-аш калдыктарын канализацияга төккөн "Сармерден" ресторанына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 10.12.23./Кабар/. Бишкекте тамак-аш калдыктарын канализацияга төккөн "Сармерден" ресторанына айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармакта "Сармерден" ("Чоно Трейд" ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео жарыяланган.

2023-жылдын 9-декабрында Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери "Бишкексууканал" ишканасынын, №6 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты.

№6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан 17 миң сомго КР Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү.

Маалымат үчүн: 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерди жөнгө салуу, пломбаларды, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу системаларынын люктарын жана кудуктарын ачуу, тээктерин жөнгө салуу, жылуулук, суу менен жабдуу системасынын нормалдуу иштешинин бузулушуна алып келүүчү пломбаларды жулуу – жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн 55 өлчөмүндө, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Пикир

Оставить комментарий