• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адам укуктары боюнча декларациянын кабыл алынганына 75 жыл. Акыйкатчы кыргызстандыктарды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 10.12.23./Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынган күнүнө 75 жыл толот.

Кыргызстанда бул окуя мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

10-ноябрдан 10-декабрга чейин Кыргызстанда Жалпы декларациянын кабыл алынган күнүнүн 75 жылдыгына арналган бир айлык жарыяланды.

Кыргызстандын акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева кыргызстандыктарды бул майрам жана маанилүү күн менен куттуктады.

“Адам укуктары боюнча жалпы декларация – Бириккен улуттар уюмуна мүчө мамлекеттердин баарына сунушталган документ. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү жыйынында 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган.

Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 1-беренесинде баардык адамдар эркин жана тең укуктар жана нарк-касиет менен жарык дүйнөгө келээри айтылат. Алар аң-сезимдүү жана абийирдүү жана бири-бирине боордош мамиледе болууга тийиш”, — деп белгиледи акыйкатчы.

Акыйкатчы Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары Жалпы декларациянын баардык нормаларын аткаруу боюнча милдеттеме алганын баса белгиледи.

“Кыргызстандын Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт”, — деп баса белгиледи Жамиля Жаманбаева.

Башкы укук коргоочу Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышын коргоого баардык чараларды кабыл алаарын белгилеп өттү.

“Биз өлкөбүздө ар бир жарандын укуктары кыйшаюсуз сакталышы керек экенин ар дайым билүүгө милдеттүүбүз”, — деп билдирди Акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий