• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.12.23./Кабар/. Чүй облусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү.

Президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, координациялык кеңешменин отурумуна Чүй облусунун орун басары Гүлмира Кыштобаева төрагалык кылып, ага Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Токмок шаарынын вице-мэри, райондук ички иштер, билим берүү, социалдык камсыздоо башкармалыктарынын башчылары, жалпы дарыгердик практикалык борборлорунун жетекчилери жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук, аялдарга, балдарга ырайымсыз мамиле жасалган фактылар, эрте никеге туруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын бул багытта жасап жаткан иштери, ошондой эле, Чүй облусунун аймагында Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк компаниянын жүрүшү талкууланды.

Жыйынтыгында зордук-зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөргө карата жасалган фактылардын үстүнөн иштөө, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, балдардын маалыматтык базасын түзүү жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу тапшырмалар берилди.

Эске сала кетсек, Чүй облусундагы аялуу катмардагы жарандардын (турмуштук оор кырдаалга кабылган) укуктарын жана таламдарын коргоо, ошондой эле, мамлекеттик жана социалдык кызматтарга жеткиликтүү жана өз убагында даректүү жардамдарды көрсөтүү үчүн “Чүй облусундагы турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды социалдык жана укуктук жактан коргоо боюнча” облустук Координациялык кеңешмеси түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий