• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таразда казак полиция департаментинин башчысы өз жанын кыйды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Таразда (Казакстан, Жамбыл облусу) жергиликтүү полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменов өз жанын кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы нааразычылык акцияларынын фонунда ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алуу тууралуу коркутуулар айтылган.

«ИИМден генерал Жанат Сулейменовдун өлүмүн тастыкташты», - деп жазат ЖМКлар.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. Башаламандык учурунда бир нече кагылышуулар орун алган жана курмандыктар бар.

Өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган. Антитеррордук операциялар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий