• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте өткөн “Бахус” рейдинин жүрүшүндө 6,7 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн “Бахус” рейдинин жүрүшүндө 6 миң 756 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 31-декабрынан 2022-жылдын 9-январына чейин кайгуул кызматкерлери тарабынан “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлгөн.

Катталган 6 миң 756 жол эрежесинин ичинен:

- мас абалында автоунаа каражатын башкаруу - 60;

- автоунаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 24;

- автоунаа каражатын айдоочулук күбөлүгү же Техникалык каражатынын каттоочу документи жок башкаруу - 65;

- башка жол эрежесин бузуулар - 6 миң 607. Ар кандай жол эрежесин бузган 305 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле “102” линиясы боюнча 1 миң 525 чакыруу тейленип, 476 жаран жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий