• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдө "Жалалабатэлектр" ишканасынын кардарларды тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасынын карамагында Кардарларды тейлөө борбору ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу "Жалалабатэлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абоненттер эми мурдагыдай адистерди ар башка кеңседен издебей, бардык маселени бир жерден чече алышат. Борбордо оператор, инженер, кассир, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис жана Таш-Көмүр РЭТинин жетекчисинин орун басары иш алып барат.

"Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү кабыл алууда, эми кезекке туруу болбойт. Тейлөө жагы алда канча ыкчам болууга өттү. Бир нече маселе менен келгендер ар адиске чуркабай, баарын бир жерден бүтүрүүгө шарттар түзүлдү. Негизги максатыбыз кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу. Абоненттерге ыкчам жооп берип, аларга шарт түзүп берүү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасы Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларын, Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн абоненттерин электр энергиясы менен камсыз кылат. Жалпы 17 миң 12 абонент бар.

Ачылуу аземине энергетиктер жана жергиликтүү бийлик катышты.

Эскерте кетсек, кардарларды тейлөө борборлору Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда ачылган.

Пикир

Оставить комментарий