• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдө зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды жана жашы жете электерге карата жасалган ырайымсыз мамилелерди болтурбоо багытында комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, айыл башчылардын, социалдык өнүгүү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте “Зомбулукка каршыбыз” аталышындагы семинарлар уюштурулуп, учурдун көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Шаар аймагында ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча бирдиктүү аракеттерди көрүү чечими кабыл алынып, жергиликтүү тургундарга милицияга көмөктөшүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле коронавирус илдетине байланыштуу соода-сатык жайларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий