• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташиев Алмазбек Атамбаевди камакта кармоонун шарттары тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. КР улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Жаңы жүздөр" басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаевага маек берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колонияда кармоонун шарттары тууралуу айтып берди.

“Аны адамгерчиликсиз шарттарда кармап, кыйноого алып жатат деп айтылгандар чындыкка дал келбейт...

Сиз Алмазбек Шаршеновичтен сурасаңыз, ал тескерисинче абактын чегинде бериле турган бардык мүмкүнчүлүктөр берилгени үчүн азыркы бийликке ыраазычылык билдирет. Мисалы ошол эле №47 колония. Биз аны бул жерде ТИЗОдогу камерада кармасак болмок. Бирок биз “ал мурдагы пезидент да. Келгиле ага ушундай мүмкүнчүлүк берели” дедик. Жолугууну каалаган бардык жакындары каалаган убакта жолугуп чыгышууда. №47 колонияда анын жашаган жери өзүнчө болгон. Ичинде күнүмдүк жашоого керектүү буюмдардын баары: телевизор, компьютер, телефон жана башкалардын баары бар болчу. Ал каалаганын ичип-жеп атты, эч кандай тоскоолдук болгон жок. Азыр 27ге же 31ге которулду, эсимде да жок, анткени кайда которулганын карабайм. Ал жакта дагы жашаган жерине оңдоо иштери жүргүзүлгөн жана бардык шарттары бар. Алар каалаганынын баарын жасашты. Кондиционер орнотулду, телевизор, компьютер орнотулду. Интернет бар. Ким кааласа, кесиптештери, тууган-уруктары, каалаганы жана башка адамдар кире алат...”, - деген Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий