• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент “Uzbekistan Airways” ААКсын чет өлкөлүк башкарууга берүүнү пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жарандык авиация рыногуна жаңы авиакомпанияларды тартуу жана “Uzbekistan Airways” ачык акционердик коомун чет өлкөлүк башкарууга берүү маселесин талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү.

Жыйында карантиндик чектөөлөргө байланыштуу жергиликтүү транспорт ишканалары 340 миллиард сум (33,5 миллион доллар) зыянга учураганы айтылды. Бул сан эпидемиологиялык абал турукташканга чейин дагы жогорулай турганы болжолдонууда.

Карантинден өзгөчө жапа чеккен “Uzbekistan Airways” жана “Uzbekistan Airports” ачык акционердик коомдору 122 миллион доллар насыяны кийин төлөөгө мүмкүнчүлүк алышып, 60 миллиарддан ашык сумга тете салык жеңилдиктерине ээ болушту. Антикризистик фонддон үстөксүз 50 миллион доллар ссуда да берилди.

Атаандаштыкты күчөтүү максатында өзбек бийлиги жарандык ациация рыногуна жаңы компанияларды тартуу жана “Uzbekistan Airways” ачык акционердик коомун чет өлкөлүк компаниянын башкаруусуна берүү маселесин кароодо.

Бул арада Анжиан, Бухара, Ургенч жана Карши шаарларындагы аэропорттор жаңыланары маалым болду.

.

Пикир

Оставить комментарий