• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте Өзбек-Кыргыз ишкерлер кеңешинин отуруму болуп өттү

Экономика 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Ташкентте Өзбек-Кыргыз ишкерлер кеңешинин отуруму болуп өттү, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы.

Жыйынга жалпысынан 100дөн ашуун адам катышкан: кыргыз тараптан 40тан ашуун, өзбек тараптар 60тан ашуун делегат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышуучуларды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, эки республиканын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүүсүн белгиледи.

Мындан тышкары, Темир Сариев санариптик платформаны иштеп чыгуу боюнча кыскача маалымат берди, анда экспортерлордун, инвестициялык долбоорлордун жана ак ниеттүү ишкерлердин электрондук реестрлери түзүлөт, алар чет элдик инвесторлор үчүн ачык-айкын көрүнүштү берүүгө жана бизнести өнүктүрүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары У. Сафаров эки мамлекеттин ортосундагы активдүү кызматташтыктын маалыматтык баяндамасын жасады. .

Кыргызстан палатасынын президенти ишкерлерди бүгүн байланыш түзүүгө, мамлекет башчынын Өзбекстанга сапарынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий