• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте композитор Муратбек Бегалиевдин жеке концерти болуп ѳттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.06.23. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Ѳзбекстан Мамлекеттик консерваториясында 14-июнда композитор, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевдин жеке концерти болуп ѳттү.

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев мааракени ачып, борбор шаар Ташкентте уюштурулуп жаткан бул мааракени Ѳзбекстандын, ѳзбек калкынын кыргыз маданиятына болгон чоң урматы катары кабыл алабыз деди.

“Муратбек Бегалиев кыргыз искусствосунда ѳзбек композиторлору Юнус Ражабий, Гани Тошматов, Мухаммаджон Мирзаев, Дони Зокиров, Сайфи Жалил сыяктуу чоң урмат-сыйга ээ болуп, жогору бааланат. Биздин таланттуу композиторубузга кѳрсѳткѳн урмат-сыйыңар үчүн чын дилден ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Иманалиев.

Өзбекстан мамлекеттик симфониялык оркестри М. Бегалиевдин “Майрамдык увертюрасы”, “Улуу жибек жолу”, “Апокалипсис”, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовко арналган “Ностальгия” музыкалык чыгармаларын аткарды. Ошондой эле композитордун музыкасы менен “Сагындым”, “Тагдырым болчу сен менин”, “Ысык – Кѳлдү сагынуу”, “Ата-Мекен” жана “Кыргызстан” аттуу ырлары көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Чыгармаларды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Бактыгүл Бокоева, Тилек Найманбаев, Нуржигит Асанов, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Майра Мухамед кызы, эл аралык сыйлыктын лауреаттары Христина Севостьянова, Талант Токомбаев, Миран Жанарбай уулу, Данияр Дөөлөтбеков жана Ѳзбекстан мамлекеттик симфониялык оркестрини хору аткарышты.

Концерттин аягында композитор Муратбек Бегалиев “Кабар” агенттиги үчүн кыскача маек берип, жакын досторунун бардыгы Өзбекстанда турарын айтты.

“Мынакей азыр бул жерге чыгышты го, булар менен КМШны айтпай эле койоюн, Америка, Германия, Кытай, Въетнам, Түштүк Корея сыяктуу ѳлкѳлѳрдѳ чогуу болуп, бир-бирибизден үйрѳнүп, тажрыйба алмашып, дос тутунганбыз. Бүгүнкү концертти коштогон Ѳзбекстан мамлекеттик симфониялык оркестринин кѳркѳм жетекчиси жана башкы режиссеру, таланттуу инсан Камолиддин Уринбаев менен да Сеулда таанышып, ѳз ара кызматташтык тууралуу сѳз кылган элек. Кыска убакта чакыруу алдым, келишилген концерт уюштурулду. Мен ѳтѳ кубанычтамын, анткени маданият, искусство, айрыкча музыка адамдарды бир-бирине жакындаштырат, мында эч кандай тилмечтин кереги жок. Кыргыз жана ѳзбек элдеринин асманы ачык болсун, бир тууган эки эл гулдѳй берсин, ѳсѳ берсин, дайыма коюн-колтук алышып жүрѳ берели, элдерибиз ынтымактуу, ырыскылары жогору, байланышыбыз тубѳлуккѳ бекем болсун”, - деп тилек билдирди маэстро.

Концерт Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий