• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт

Экономика 0

Ташкент, 12-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Ташкентте “Эс алуу дүйнөсү-2017” Эл аралык өзбек туристтик көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын улуттук туристтик продукциясын алдыга жылдыруу боюнча борборунун директору Фарангиз Абдуллаева аталган окуяга арналган маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз туристтик операторлору көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшөт. “Иш-чаранын алкагында Ысык-Көлдөгү мыкты пансионат жана санаторийлерге жолдомо ойнотулат”,-деп кошумчалады ал.

“Эс алуу дүйнөсү-2017” 5-Эл аралык өзбек туристтик көргөзмөсү 13-14-апрелде өтөт жана Өзбекстандын бардык аймагынын стенди жана 60 чет элдик, анын ичинде Кыргызстандын компаниялрынын туристтик программасы көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий