• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калктын 65% Кыргызстандын өнүгүү багытын туура деп эсептешет жана 73%ы президент А.Атамбаевдин ишине оң баа беришет

Коом 0

2017-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын жашоочуларын сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялоо башталды. Изилдөө 2017-жылдын февраль-март айларында өткөрүлүп, 18 жаштан жогору 1,5 миң жаран катышкан.

Изилдөөнү Baltic Surveys/The Gall up Organization рынокту жана коомдук пикирди изилдөө компаниясынын өкүлү Раса Алишаускене Эл аралык Республикалык Институттун тапшырыгы боюнча жүргүзгөн. Сурамжылоону SIAR Research and Consulting компаниясы өткөрдү.

Тандоо жынысы, жаш курагы, билими, аймагы жана калктын саны боюнча стандарттык мүнөздө болуп саналат.

Калктын маанайы жана КРнын өнүгүү багытына мамилеси

Өткөн жылдагыдай эле, сурамжылоого катышкандардын 65%ы Кыргызстандын өнүгүү багыты туура деп эсептешет. 23% (2016-жылы – 25%) бул багытты туура эмес деп санашат. Бул 6 жылдан берки оң баа берүүнүн эң жогорку деңгээли болуп саналат.

Ар кандай социалдык топтордун баалоосундагы айырма статистикалык жактан маанилүү эмес. Бишкек шаарынын жашоочулары башка кыргызстандыктар менен бирдей пикирлерин билдиришкен.

КРдагы жетиштүүлүк деңгээли жана экономикалык кырдаал

2017-жылы мартта респонденттердин 45% (бир жыл мурун 38%) акыркы 12 айда өлкөдөгү экономикалык кырдаал жакшырганын айтышкан, 37% (35%болгон) өзгөргөн жок дешкен. Ал эми 15%ы (24% болгон) начарлоону көрүшкөн. Бул баа бир жылда жакшырган. Ар кандай социалдык топтордо олуттуу айырма жок.

Өз үй-бүлөсүндөгү каржылык кырдаал жөнүндө айтууда, былтыркы жылга салыштырмалуу, көп адамдар материалдык абалдын жакшыруусун байкашкан:

  • 38%ында (29% болгон) үй-бүлөсүнүн каржылык абалы жакшырган,
  • 43%ында (45% болгон) үй-бүлөсүнүн каржылык абалы өзгөргөн эмес,
  • 16%ында (25% болгон) үй-бүлөсүнүн каржылык абалы начарлаган.

Айыл жана чакан шаарлардын жашоочулары Бишкек шаарынын тургундарына салыштырмалуу жакшырууларды белгилешет. Борбордун жашоочулары көбүнчө кырдаал өзгөргөн жок дешет.

Респонденттердин 44%ы (39% болгон) келээрки жылы экономиканын жакшыруусуна ишенишет, 5% (10%) начарлоолорду күтсө, 27%ы (35% болгон) олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүшпөйт.

Президенттин ишмердиги

Сурамжылоого катышкандардын 73% ы (2016-жылы 79% болгон) президент өз милдеттерин жакшы аткарып жатат деп эсептешет. 24% (18% болгон) нааразычылык билдиришкен.

Социалдык топтордун пикирлердинде олуттуу айырмалар жок.

Жогорку Кеңештин ишмердиги

Сурамжылоого катышкандардын 40%ы (43% болгон) парламенттин ишине канааттанат, ал эми 53%ы (47% болгон) канааттанбастыгын билдиришкен.

Партиялар

Партиялардын арасында КСДП кыйла жогору колдоого ээ, 27% респонденттер бул партияга добушун бере тургандыктарын билдиришкен. 2-орунда “Республика” (20%), андан соң “Ата-Журт” (9%), “Өнүгүү-Прогресс” (8%) жана “Ата-Мекен” (6%). 12%ы кайсы партияга добушун берерин аныкташкан эмес, 18%ы бир дагы партияга добуш бербейт.

Саясатчылар

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев КРдагы кыйла оң бааланган саясатчы болуп саналат: 82% респонденттер ага оң баа беришсе, 17%ы терс баалашат.

ЕАЭБге өтүү жана эл аралык мамилелер

Респонденттер Кыргызстандын Россия, Казакстан, Европа биримдиги, Түркия, Кытай, Япония менен мамилесин жакшы баалашат.

Алар айрыкча Өзбекстан жана Тажикстан менен мамилелерде маселелердин бар экендигин байкашат.

Өлкөнүн негизги экономикалык өнөктөшү - Россия, андан соң Казакстан жана ЕБ.

Сурамжылоого катышкандардын 79%ы өлкөнүн ЕАЭБге кириши туура деп эсептешсе, 10%ы туура эмес деп эсептешет.

Булак: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий