• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ташкентте соода борборунун жанындагы бычакташуудан бир киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Ташкенттеги "Малика" соода комплексинин алдында бычакташуу менен коштолгон чырдан бир киши каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жекшемби күнү күндүзгү саат 12лерде соода борборунда телефон саткан бир нече соодагердин ортосунда жаңжал чыккан.

"Анын жүрүшүндө 1977-жылкы Т. Б. аттуу жаран төшүнө бычак жеп каза болгон. 1988-жылкы М.А. деген дагы бир жаран түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана тергөө аракеттерин баштоо үчүн жаңжалга катышкандардын баары ички иштер башкармалыгына жеткирилди", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ташкент шаардык прокуратурасы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий