• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кыргызстандык аскер курман болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.21./Кабар/. Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан КР УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери – 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев курман болду.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда аскер кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, тажик тараптан дагы каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Окуя болгон жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.

Пикир

Оставить комментарий