• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан ИИМи хиджаб кийгендерге айыппул салбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. Тажикстан ИИМи хиджаб кийген аялдар айыппул төлөйт деген маалыматты четке какты.

Министрликтен маалымдашкандай, милиция хиджаб менен катар ачык кийингендерге айыппул салбайт. Учурда түшүндүрүү иштери гана жүрүүдө. Бийлик хиджаб кийип, чүмбөттөнүп жоолук салынган аялдарга кайрылып, бул тажик элинин маданиятына карама-каршы келерин эскертүүдө.

Тажикстандагы жергиликтүү маалымат агенттиктердин бири Дүйшөмбүдөгү эл көп чогулган жерлерде хиджаб кийген аялдарга карата “рейд” жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери кара чүмбөттөрүн чечип, жоолуктарын артка салынышпаса, 1000 сомони айыппул салынарын эскертишкенин жазган.

Тажик бийлиги хиджаб менен катар денесин жарым-жартылай жапкан “адепсиз” кийинүүгө каршы күрөш баштаган. Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Аялдар иштери комитети улуттук салт-санаага шайкеш кийимдердин үлгүсүн иштеп чыгарын билдирүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий