• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда “Чыңгыз Айтматов — өзбек-кыргыз достугунун алтын көпүрөсү” аттуу конференция өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 14.12.23./Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде “Чыңгыз Айтматов — өзбек жана кыргыз эли достугунун алтын көпүрөсү” аттуу конференция болуп өттү.

Белгилүү жазуучу, публицист, котормочу, “Жахон адабиёти” журналынын башкы редактору, аталган университеттеги “Чыңгыз Айтматов” атындагы экспозициянын жетекчиси, профессор Ахмаджон Мелибаев өз сөзүндө ХХ кылымдын атактуу жазуучуларынан бири, таанымал мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов жалаң кыргыз элинин гана эмес, ошондой эле өзбек элинин да ардактуу инсаны, жалпы туркий ааламдын сыймыгы экендигине көңүл бурду.

“Бул улуу инсан эки боордош элди тең көрүп, чын жүрөктөн сүйгөн. Анын "кыргыз менен өзбек мен үчүн бирдей, бул - менин элим" деген сөздөрү, кадимден коюн-колук алышып, дос болуп жашап келе жаткан эки коңшу элдин тынчтыгы, коопсуздугу, келечеги, жыргалчылыгы, ынтымакта, достукта жашоосу үчүн кылган эбегейсиз эмгеги баарыбызга маалым”, - деп баса белгиледи.

Филология илимдеринин доктору, профессор Юсуфжон Хамдамов, улуу жазуучунун мурдакы союздун соңку жылдарында “пахта иши”, “өзбектер иши” деп аталган орунсуз дооматтарда, ошол кездеги бийликтин эң жогорку трибунасынан туруп, Өзбекстанды, өзбек элин коргоп чыкканын ыраазычылык менен эскерди.

Конференция катышуучулары, залкар жазуучунун чыгармаларында бүгүнкү күндүн гана эмес, ошондой эле эртеңки күндүн, жакын келечектин, бир гана улутка же мамлекетке эле эмес, балким жалпы адамзатка таандык болгон өтө олутту жана орчундуу маселелер көтөрүлгөнү тууралуу кеп кылышты.

Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий