• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстан мектептеринде жайкы каникулду кыскартуу пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Казакстанда окуу жылын эки аптага узартуу пландалууда. Бул тууралуу агартуу министринин буйругунун долбоорунда айтылат.

Документке ылайык, 1-класстарда окуу жылы эми 35 аптага созулат. Азыркы эрежеде 33 апта деп көрсөтүлгөн. Министрлик калган класстарда окуу жылын 36 жума деп белгилөөнү сунуштоодо (азыр 34 апта).

Буйруктун долбооруна караганда, күзүндө окуучулар 7, кышында 9, жазында 9 күн эс алууга чыгышат. 1-класстардын окуучулары кышында кошумча дагы 7 күн эс алат.

Министрлик жайкы каникулду кыскартуу балдардын мурунку жылы алган билимин унутуп калуу тобокелчилигин азайтат деп эсептейт.

2022-2023-окуу жылында сабак салттуу түрдө 1-сентябрда башталат.

Пикир

Оставить комментарий