• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан Ноорузду майрамдоого даярданууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Душанбенин борборунда Нооруздун 30 метрлик символу «Суманак» (сүмөлөк жасоо үчүн колдонула турган өнгөн буудай) орнотулду. Исмоили Сомони айкелинин тегереги да мөмөлүү бактар, гүлдөр жана башка майрамдын символдору менен кооздолду.

Күн сайын жүздөгөн кишилер борбордук аянтка келип, узуну – 30, туурасы – 16 метр болгон «Суманактын» жанында сүрөткө түшүшүүдө.

15-февралда Тажикстандын COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы республикалык штабы Нооруз майрамын белгилөөгө уруксат берген. Штаб бул майрамды ата-бабаларды жана улуттук баалуулуктарды сыйлоо иретинде белгилөө керек экенин маалымдаган.

Бийлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө макул болгон.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги январдан тарта өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 38 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий